Кыргызстанда коронавирус жуккан медкызматкерлердин саны 216га жетти
Бөлүшүү:
4-майга карата бир сутка ичинде 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы ырасталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымар жыйында билдирди.
Ага ылайык, жаңы катталган учурлар төмөнкү аймактарда табылган.
Жалал-Абад облусунда – 2
Бишкек шаарында – 6
Нарын облусунда – 1.
Ошентип Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 216га жетти. Алардын ичинен 139 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Өлкө боюнча коронавирус жуккандардын саны 830 кишиге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-koronavirus-zhukkan-medkyzmatkerlerdin-sany-216ga-zhetti
Добавить комментарий ×