Кыргызстанда ишмердиги жандана турчу тармактардын тизмеси жарыяланды
Бөлүшүү:
1-июндан тартып санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдөгү иштин бардык түрлөрү ишин баштайт. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Ошол эле учурда, экономикалык иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрү боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда. Алар:
- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү иш-чараларын өткөрүү;
- көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү;
- балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү;
- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
- мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.
Андан сырткары 21-майдан тарта төмөнкү тармактар иштеп баштайт.
- Калкты тейлөө борборлору, паспорттоштуруу жана ЖААК бөлүмдөрү, “Унаа” Мамлекеттик мекемеси;
- Калкты тиричиликтик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим, саат оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо;
- Соода-сатык чөйрөсү:
- Менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүлөрү;
- Менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрү, коомдук мончолорду жана сауналарды кошпогондо;*
- Мейманканалардын ишмердүүлүгү, бассейндерди жана спортзалдарды кошпогондо.
25-майдан тарта төмөнкүлөр ишмердүүлүгүн жандантат:
- ️Кийим-кече сатуучу базарлар;
- ️50 орундан ашпаган коомдук тамактануу түйүндөрү, жайкы кафелер жана ресторандар (коноктор менен үстөлдөрдүн ортосундагы 1,5-2 м аралыкты так сактоо менен), соода-оюн-зоок борборлорунда жайгашкан фуд-кортторду кошпогондо;*
- ️Театрлардын, музейлердин, көргөзмө залдарынын жана галереялардын, китепкана жана маданий-агартуучу жайлардын ишмердүүлүгү;*
- ️Коомдук транспорт: автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kl-achuuchu-zhajlar-menen-baldar-bakchalary-kachan-ishtep-bashtajt
Добавить комментарий ×