Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттай баштады
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 19-апрелден 17-майга чейин мунай азыктарынын айрым түрлөрүнө баалардын жогорулашы байкалды. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.
Аталган маалыматка таянсак, бир айда А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 0,13 сомго же болбосо 0,33 пайызга жогорулаган. Ал эми дизель отунунун баасы 0,3 сомго же болбосо 0,68 пайызга кымбаттаган. Ошол эле маалда А-80 бензини 0,56 сомго же болбосо 0,19 пайыга арзандаган.
Буга чейин нефтетрейдерлер ассоциациясы май айында Кыргызстандын күйүүчү майлоочу майлар рыногунда баалдардын жогорулашы мүмкүн экенин эскерткен.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-kjch-maj-kymbattaj-bashtady
Добавить комментарий ×