Күйүүчү майдын кескин кымбатташына жол берилбейт

26 октябрь 2021 12:29 1970 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ал тургай күйүүчү май кымбаттаса дагы, анын баасы 10 сомго чейин кымбаттабайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору Кенешбай Тайлаков Бишкекте болгон басма сөз жыйынында маалымдаганын “Барометр” кабарлайт.

Ал максималдуу бааны аныктоодо ведомство күйүүчү майдын тартып келгендеги чыгымын эсептеп жатканын белгиледи.

Тайлаков Россиянын күйүүчү май рыногунда кымбаттоо 100 пайыздан ашканын эскертти. Ал кечээ, 25-октябрда күйүүчү май рыногундагы ири жеткирүүчүлөр менен жолугушуу болгон кошумчалады.

“Бир аз мурда алар жакын арада кымбаттоо болот деп маалымдашкан. Монополияга каршы орган катары биз кызыкчылыктардын тең салмагын сакташыбыз керек. Мен негизсиз баа кымбаттабайт деп ачык айла алам”,-деп билдирди Тайлаков.

“Мындан ары дагы баалардын кескин кымбаттабашы үчүн иш алып барабыз. Ал тургай кымбаттаса дагы буга чейин айтып жатышкандай 10 сомго кымбаттабайт. Биз так эсептейбиз, бул бир топ азыраак болушу ыктымал”,-деп белгиледи ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kjch-majdyn-keskin-kymbattashyna-zhol-berilbejt



Добавить комментарий