Казакстан бензин жана дизель отунун ташып чыгууга чектөө киргизди

12 ноябрь 2021 12:21 2989 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын энергетика министри, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, Каржы министри жана Ички иштер министри өлкөдөн бензин жана дизель отунун ташып чыгууга чектөө киргизүү боюнча биргелешкен буйрукка кол коюшту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКларына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

“Алты айга чейинки мөөнөттө Казакстандын аймагынан майлоочу майлар менен бензобакка куюлган бензинден жана 20 литрден ашпаган көлөмгө куюлган күйүүчү майдан тышкары унаа менен бензин, дизель отунун жана мунай өндүрүмдөрүнүн айрым түрлөрүн ташып чыгууга чектөө киргизилет”,-деп айтылат документте.

Биргелешкен буйрук 21-ноябрдан баштап күчүнө кирет.

Казакстанда 14-октябрдан баштап суюлтулган газдын тартыштыгы байкалган. Сентябрь айынан тартып аталган өлкөдө дизель отуну кымбаттаган.Ошондой эле Казакстанда авиаотундун жетишсиздиги пайда болду.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-benzin-zhana-dizel-otunun-tashyp-chyguuga-chekt-kirgizdi



Добавить комментарий