Кыргызстанда ири өлчөмдөгү алдамчылык жасап издөөдө жүргөн жарандар Россиядан кармалды

11 сентябрь 2020 12:34 804 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда алдамчылык беренеси менен айыпталып издөөдө жүргөн жарандар Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, Россиянын аймагына ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда Кыргызстандын Ички иштер министирлигинин Россиядагы  өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз мекенинде жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган жарандар кармалган.

“Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну 1979-жылы туулган Б.А. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 182-беренесинде (Жалган ишкерчилик) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2018-жылдын аягында издөөгө алынган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жараны, Чүй облусунун тургуну 1960-жылы туулган А.Г. Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (или өчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аларды өз өлкөсүнө жиберүү боюнча маселелер каралып жатат”, деди министирликтен.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын дагы бир жараны, Чүй облусунун тургуну 1991-жылы туулган И.И. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (или өчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган.

Азыркы учурда издөөдө жүргөн жаран кармалган, Минск конвенциясына ылайык аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу меселелер чечилүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-iri-lchmdg-aldamchylyk-zhasap-zhana-zhalgan-ishkerchilik-chn-izdd-zhrgn-zharandar-moskvadan-karmaldy



Добавить комментарий