Кыргызстанда ири өлчөмдөгү алдамчылык жасап издөөдө жүргөн жарандар Россиядан кармалды
Кыргызстанда алдамчылык беренеси менен айыпталып издөөдө жүргөн жарандар Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Россиянын аймагына ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда Кыргызстандын Ички иштер министирлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы менен өз мекенинде жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган жарандар кармалган.
“Кыргызстандын жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну 1979-жылы туулган Б.А. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 182-беренесинде (Жалган ишкерчилик) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2018-жылдын аягында издөөгө алынган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жараны, Чүй облусунун тургуну 1960-жылы туулган А.Г. Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (или өчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аларды өз өлкөсүнө жиберүү боюнча маселелер каралып жатат”, деди министирликтен.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын дагы бир жараны, Чүй облусунун тургуну 1991-жылы туулган И.И. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (или өчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2013-жылы издөөгө алынган.
Азыркы учурда издөөдө жүргөн жаран кармалган, Минск конвенциясына ылайык аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу меселелер чечилүүдө.
Добавить комментарий ×