Кыргызстанда ички аба каттамдар токтотулат

24 март 2020 17:14 1057 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Атайын аба каттамдарынан тышкары ички авиарейстер убактылуу токтотулат. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Ага ылайык, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөттүн Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэри онлайн режиминде Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

Биринчи вице-премьер-министр айткандай, буга чейин өлкөдө өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши менен калктын жана транспорттордун кыймылына көзөмөл күчөтүлүп, бул көрсөткүчтү бир нече эсе кыскартууга шарт түздү. Бул иш өзгөчө абал режимин киргизүү аркылуу күчөтүлөт. Укук коргоо органдары зарылдыгы жок жарандардын кыймылын азайтуу максатында райондорду, шаарларды күзөтүшөт.

«Жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоо үчүн мамлекеттик органдардын бардык күчтөрүн жана мүмкүндүктөрүн күчтөндүрөбүз. Укук коргоо органдары адамдардын кыймылын болушунча кыскартуусу зарыл. Калктын саламаттыгын сактоо максатында катуу чаралар көрүлөт, болбосо кесепети кейиштүү болушу мүмкүн. Жарандар кырдаалдын олуттуулугун толук түшүнүп, сунуштамаларды так аткаруулары керек», – деди Боронов.

Ал ошондой эле, мамлекеттик органдардын жана бюджеттик уюмдардын бардык кызматкерлери мажбур болгон өргүү күнүн алганына карабастан, эмгек акыларын алышат. Мыйзамга ылайык өзгөчө абал учурунда кызматкерлерин бошотууга жеке уюмдардын укугу жок.

Жыйында белгиленгендей, үй карантини эрежелерин бузуп, көчөгө чыгууну каалагандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен үч районго өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлык чыгарып, аны Жогорку Кеңешке кезексиз жыйында карап, бекитип берген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-ichki-aba-kattamdar-toktotulat



Добавить комментарий