Кыргызстанда дары-дармектердин тартыштыгы байкала баштады

6 июль 2020 16:40 1600 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын медицина тармагында дары-дармектердин тартыштыгы байкала баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевга шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык, суроо-талап жаралып, дарыканаларда жок болуп жаткандар препараттардын запасы үч айга запасы болуш керек.

"Бүгүнкү күндө пайдаланылып жаткан 56 аталыштагы дарынын 12сине муктаждык жаралууда. Бул алар такыр жок дегенди түшүндүрбөйт, азырынча бар, бирок бизде алар запаста болушу керек. Ал эми калган позициялар боюнча үч айлык запас бар, бул жаатта иштеп жатабыз", — деди Каратаев.

 Белгилей кетсек, Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирустун жаңы 314 учуру катталды, жалпы 7 691ге жетти. Алардын ичинен коронавируска туруштун бере албаган 92 кишини көз жумду.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-dary-darmekterdin-tartyshtygy-bajkala-bashtady



Добавить комментарий