Кыргызстанда дагы коронавирус табылды. Министрлик анын алдын алуу жолун айтты
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда дагы коронавирус үч жарандан аныкталганын чукул маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, коронавирус табылган жарандар Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып 12-мартта келишкен.
Чолпонбаев элди тынчтыкка чакырып, эч кандай паникага алдырбоо керектигин кошумчалады. Андан сырткары оорунун алдын алуу үчүн учурушкан учурда аралыкты сактоо керектигин айтты.
“Учурашкан учурда эки метр аралыкты сактоо керек. Кучакташпаганга аракет кылуу керек. Саламаттык сактоо уюмунунда мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштеп жатабыз. Бардык дары дармек, ооруканалар, дарыгерлер даяр”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-dagy-koronavirus-tabyldy-ministrlik-anyn-aldyn-aluu-zholun-ajtty
Добавить комментарий ×