Кыргызстанда дагы үч адамдан коронавирус табылды

20 март 2020 09:17 1314 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы үч киши аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алар Ноокат районунан аныкталган. Алар дагы медициналык көзөмөлгө алынып, обсервацияга алынды. Министр вирус табылган кишилер умрага барып келгендер экенин айтты.

Ошентип Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар алты кишиге жетти.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоо Космосбек Чолпонбаев 18-мартта Кыргызстанда дагы үч кишиден коронавирус табылганын маалымдап, элди паникага алдырбоого чакырган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-dagy-ch-adamdan-koronavirus-tabyldy



Добавить комментарий