Кыргызстанда чылым чегүүдөн жыл сайын 6 миңден ашык адам көз жумат
Кыргызстанда тамеки чегүүдөн улам келип чыккан оорулардан улам жыл сайын 6 миңден ашык адам каза табат.Бул тууралуу Онкология жана гемотология борборунун бөлүм башчысы Турусбек Абдылдаев бүгүн, 10-сентябрда Бишкекте болгон басма сөз жыйынында билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Анын айтымында, Кыргызстанда каза тапкандардын 70 пайызы жугуштуу эмес оорулардан - жүрөк-кан тамыр, онкологиялык жана бронха өпкө ооруларынан көз жумат.
“Мектеп окуучуларынын 7 пайыздан ашыгы 13-15 жашында чылым чегип, калян тартып, электрондук чылымдарды колдонушат. Жаштар чылым чегүүнү улантып жатат, тилекке каршы биздин өлкөдө чылымдын түрлөрү көп”,-деп айтты дарыгер.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-chylym-chegdn-zhyl-sajyn-6-miden-ashyk-adam-kz-zhumat
Добавить комментарий ×