Эрдоган инфаркт алып ооруканага түштүбү? Түрк лидеринин маалымат кызматы билдирүү таратты

27 апрель 2023 13:01 1633 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын администрациясы мамлекет башчынын жүрөгүнөн инфаркт алып ооруканага жатканы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу Түркиянын Дезинформацияга каршы күрөшүү борборунун Twitter баракчасында айтылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

«Социалдык тармактарда президент Эрдогандын жүрөгү кармап, ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.  


Эске салсак, 26-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайи Эрдоган түз эфирде өзүн жаман сезип, ошол себептен маек үзгүлтүккө учураган.   

ММКлар түрк лидери ашказанынданы көйгөйдөн улам ооруп калганын жазып чыгышкан.   

 
 

Бир нече мүнөттүк тыныгуудан кийин Эрдоган студияга кайтып келип, катаал график менен иштеп жатканын түшүндүргөн.  

Кийинчерээк түрк басылмалары социалдык тармактарда түрк лидери миокард инфарктын алып ооруканга жаткырылган болушу мүмкүндүгү тууралуу маалымат тарап жатканын жазып чыгышкан.

 
 

Ссылка: https://barometr.kg/erdogan-infarkt-alyp-oorukanaga-tsht-delgen-maalymat-tuuraluu-trk-liderinin-administraciyasy-bildir-taratty



Добавить комментарий