Кыргызстанда чөптүн баасы бир аптада 16 сомго кымбаттады

2 июль 2021 10:59 13030 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда бир тюк чөптүн баасы бир аптада 16 сомго кымбаттады. Мындай маалыматты Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кабарлады.

23-июндан 30-июнга чейинки аралыкта республикада чөптүн орточо баасы 16,4 сомго жогорулап, бир тюк чөптүн баасы 255,7 сомдон бааланууда. Анын кымбатташы бир жумада 6,9 пайызды түздү.

Самандын баасы тескерисинче бир аптада 11 сомго арзандап, бир тюк саман 147 сомдон сатылууда. Комбикормдун бир килограммы 26 сомго бааланып, 1,9 сомго кымбаттады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-chptn-baasy-bir-aptada-16-somgo-kymbattady



Добавить комментарий