Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуккан 69 жаңы учур аныкталды

6 апрель 2020 10:16 2898 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда бир суткада коронавирус жуккан 69 жаңы учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.

Ошентип, Кыргызстанда коронавирус жуккан 216 учур аныкталды.

Министр жаңы катталган бейтаптардын бардыгы обсервацияда болгондор экенин кошумчалады.

216 учурдун аймактарга бөлүнүшү төмөнкүдөй:

Жалал-Абад облусу  - 80

Ош облусу - 94

Бишкек шаары - 25

Баткен облусу - 4

Нарын облусу - 5

Ысык- Көл облусу - 3

Чүй облусу- 5.

Ошол эле маалда коронавирус 4 адамдын өмүрүн алды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bir-sutkada-koronavirus-zhukkan-69-zhay-uchur-anyktaldy



Добавить комментарий