Кыргызстанда бир суткада үч медкызматкерге коронавирус жукканы ырасталды
Бөлүшүү:
Бир суткада 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Ага ылайык, жаңы учурлар Бишкек шаарында 2, Нарын шаарында 1 учур катталган.
Жалпысынан республика боюнча коронавирус 273 медициналык кызматкерге жугуп, алардын 224ү стационарлардан айыгып чыккан.
Ал эми Кыргызстанда коронавирус 1350 кишиге жугуп, 949 киши ооруну жеңип, айыккан.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bir-sutkada-ch-medkyzmatkerge-koronavirus-zhukkany-yrastaldy
Добавить комментарий ×