Кыргызстанда бензиндин наркы Россиядагы баадан да кымбат болууда
20-сентябрга карата Кыргызстанда бензиндин орточо наркы Россиядагы баадан да кымбат болду. Бул тууралуу Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин маалыматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Аи-92 маркасындагы бензин Россияда 53,9 сом, ал эми Кыргызстанда 3,6 сомго кымбат болуп, 57,5 сом болууда. Аи-95 маркасындагы бензин Россияда 59,6 сомдон сатылса, Кыргызстанда 62 сомдон сатылууда.
Өлкөдө ошентсе да дизель отуну салыштырмалуу арзан, анын баасы 51,7 сомдон сатылып жатса, Россияда 58,7 сомдон бааланууда.
Буга чейин Нефтетрейдер биримдиги сентябрь айынан тартып Россиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунан бензин сатып алууда тоннасына 19,3 доллардан бажы салыгы кошула баштаганын эскерткен. Мындан улам эксперттер күйүүчү майдын баасы жогорулоосу мүмкүн экенин белгилешкен.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-benzindin-narky-rossiyadagy-baadan-da-kymbat-boluuda
Добавить комментарий ×