Кыргызстанда башка оорулууларга дары-дармек жетиштүүбү? Министрликтин жообу
Учурда бардык дары-дармек менен каражат коронавирус жуктургандарга гана коротулуп жатат деген нерсе жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Ал дары-дармектердин запасы жетиштүү экенин айтты. Ошол эле учурда чек аралар жабык болгонуна карабай керектүү дары-дармектерди алып келүүдө тоскоолдуктар жок экенин белгиледи.
“Башка оорулуулар керектүү дары-дармексиз калат деген нерсе бүгүнкү күнү жок”, — деди ал.
Акматова ошондой эле, 25-мартка карата коронавирус жуккан жаңы учур аныкталбаганын кабарлады. Акыркы маалымат боюнча вирус 42 кишиден табылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-bashka-ooruluularga-dary-darmek-zhetishtb-ministrliktin-zhoobu
Добавить комментарий ×