Кыргызстанда алдамчылык кылып жүргөн жаран Орусиядан кармалды
Мамлекеттик аралык издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, КР ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн кийлигүүшүсү менен Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалган. Ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1987-жылы туулган Ж.И. аттуу тургуну болгон.
Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүндө алдамчылык, ири көлөмдөгү зыянга учуратуу боюнча кылмыштарды жасап, көптөн бери тергөө органдарынан качып жүргөн.
Жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2014-жылы апрель айында жабырлануучунун баасы 419 миң сомдук 2003-жылы чыккан “Субару-Форестер” үлгүсүндөгү автоунаасын 2015-жылы февраль айында толук төлөп берем деп ижарага алган. Андан соң, автоунаанын ээси менен макулдашпастан башка жак менен сүйлөшүп алып, ойдон чыгарылган жеке нотариус аркылуу өзүнүн атына жасалма башкы ишеним катын жасап алган. Ал эми автоунааны үчүнчү жакка сатып, акча каражатын болсо өзү ээлеп алып, жашырынып жүргөн. Ушунун негизинде жабырлануучуга ири суммадагы зыянга учураткан.
Кармалган жаран абакка камалып, издөө салган тарап маалымдалды. Азыркы учурда 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык кармалган жаранды өз өлкөсүнө кайтаруу боюнча маселелер чечилип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-aldamchylyk-kylyp-zhrgn-zharan-orusiyadan-karmaldy
Добавить комментарий ×