Кыргызстанда 747 эмдөө пункту ачылды, келген вакцина аймактарга жеткирилди
Келген вакцина түнү менен аймактарга жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радиого” берген маегинде билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Кечээ, 11-июлда Кыргызстанга 1 млн 250 миң доза «Синофарм» дарысы келген.
«Областтар боюнча бөлүштүрүү аларда жашаган калктын санына жана ооруган адамдардын эсебине байланыштуу болот. Өлкө боюнча бүгүнкү күндө 747 эмдөө пункту иштеп жатат”,-деп айтты министр.
Мындан тышкары эмдөө пункттары жеке менчик клиникаларда, коммерциялык объектилерде, кино театрларда ачылат.
Учурда Кыргызстанда 130 миң адам эмдөөдөн өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-747-emd-punktu-achyldy-kelgen-vakcina-ajmaktarga-zhetkirildi
Добавить комментарий ×