Кыргызстанда 7-9-сентябрда ЖККУнун аскердик машыгуулары өтөт
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 7-сентябрдан 9-сентябрга чейин Ысык-Көл областындагы «Эдельвейс» аскер полигонунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскер күчтөрүнүн машыгуулары өткөрүлөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” маалымдайт.
Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан ошондой эле ЖККУнун бирдиктүү штабынын аскерлери жамааттык күчтөрдүн аскерлеринин практикалык жөндөмдөрүн жакшыртуу максатында машыгуу кылмакчы.
Эскерте кетсек, ЖККУ уюмуна Армения, Беларусия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-7-9-sentyabrda-zhkkunun-askerdik-mashyguulary-tt
Добавить комментарий ×