Машыктыруучу машыгуу учурунда атыр менен макияжды колдонуунун оор кесепеттерин эскертти

7 июль 2023 17:54 807 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Спорт залда машыгуу учурунда атыр жана косметикалык каражаттарды колдонууга болбойт. Бул тууралуу машыктыруучулардын кеңешине таянып “Барометр” билдирет.

«Негизи эрежеде мындай нерселер камтылбайт, бирок күчтүү атыр башкаларга ыңгайсыздык жаратаарын билиш керек», - дейт машыктыруучу.  
Анын айтымында, машыгуу учурунда эң жеңил жана эң жагымдуу атыр да катуу тердегенде өтө курч жана жагымсыз болуп кетиши мүмкүн. Бул териге да көйгөй жаратышы мүмкүн экенин түшүндүрдү, анткени терге аралашкан атырлар кыжырданууну жана бүдүрчөлөрдү чыгарып жиберет.    

Эксперттин айтымында, макияж менен машыгуу андан да кооптуу.    

“Жигердүү спорт менен машыгуу учурунда тешикчелер кеңейип, бетиңиздеги ар кандай макияж тешиктерди толтуруп, көйгөй жаралып, жүзүңүздү бузуп аласыз. Бул исиркектерге, аллергиялык реакцияларга жана дерматитке алып келиши мүмкүн ", - деп түшүндүрдү машыктыруучу.      


Ссылка: https://barometr.kg/sport-zalda-mashyguu-uchurunda-atyr-zhana-kosmetikalyk-karazhattardy-koldonso-bolobu



Добавить комментарий