Кыргызстанда 347 миллион сомдон ашык каражат бюджетке түшпөй калган

16 ноябрь 2020 14:45 831 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматы өзгөчө ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактысын аныктады. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы кызматынын басма сөз кызматыеа таянып "Барометр" билдирет.

КРнын Финансы полициясы чет мамлекеттердин аймагына товарларга төлөм деп жамынып алып, 23 миллион АКШ долларынан (1 миллиард 633 563 970

сом) суммадагы акча каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топтун ишин аныктап, алардын ишине бөгөт койгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргызстандын аймагындагы аталган кылмыштуу топтун ишмердигинин натыйжасында, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон көп өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Ушул жылдын 12-ноябрында, акча каражаттарын чыгарууну жүзөгө ашырып келген “Т.М.” деген жаран кылмышка шектүү деп кармалды. Кармалган адамга карата 1-тергөө абагына камакка алуу түрүндө жаза чарасын колдонулду. Азыркы убакта, иш тергелип жатат, жогоруда аталган схемага тиешеси бар кызмат адамдар жана аталган акча каражаттардын келип чыгышы аныкталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-347-million-somdon-ashyk-karazhat-byudzhetke-tshpj-kalgan



Добавить комментарий