Кыргызстанда 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

28 июль 2020 10:42 2240 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстанда 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Эскерте кетсек, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын (мындан ары — коронавирус инфекциясы) жайылышын пандемия деп жарыялаган.

"Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештерибиз илдеттен каза тапты. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду. Каза болгондорго аза күтүү менен, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат: Коронавирус инфекция пандемиясынан каза тапкан жарандарды эскерүү үчүн Кыргызстанда 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын. Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде Кыргызстандын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында кыргыз мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, КРнын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталды.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-30-iyul-uluttuk-aza-kt-kn



Добавить комментарий