Кыргызстанда -3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө

26 апрель 2019 19:31 3764 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын айрым аймактарында -1…-3 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 26-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

27-28-апрелде  түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° болуп, үшүк жүрөт.

25-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү күтүлөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-3-graduska-chejin-suuk-bolup-shk-zhrsh-ktld



Добавить комментарий