Кыргызстанда 25 миң койка даярдалды

1 апрель 2020 13:57 2292 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-январга карата КР Саламаттык сактоо санитардык уюмдарында 1800 инфекциялык койканы кошкондо жалпы 25000 жакын койка бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Лабораториялык аныктоо учурунда коронавирус инфекциясы менен ооругандардын көпчүлүгү, биринчи кезекте, инфекциялык бөлүмдөрдүн стационардык койкаларына жаткырылат.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына чалдыккан оорулууларды кабыл алуу жана дарылоо үчүн Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында орундар толугу менен бошотулду.

Зарылдыка жараша, коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн КР бардык аймактарындагы стационардык дарылоо мекемелери бошотулат.

КР Саламаттык сактоо министрлиги өзгөчө кырдаал шартында саламаттыкты сактоо уюмдарын кайрадан профилдештирүү жана коронавирус инфекциясы бар бейтаптарды жайгаштыруу үчүн атайын бөлүмдөрдү түзүү планын иштеп чыкты. Республика боюнча 1943 койка кайра профилденет, анын ичинде 254 реанимациялык койка киргизилет.

Кыргызстанда акыркы маалымат боюнча коронавирус 111 кишиге жукканы тастыкталган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-25-mi-kojka-dayardaldy



Добавить комментарий