Кыргызстанда 22-мартта коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 2020-жылдын 22-мартында коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу республикалык штабдан билдирди.
Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял):
- Баткен облусу – 1 адам;
- Сузак району – 8 адам;
- Ноокат району – 3 адам;
- Бишкек шаарында – 2 адам.
Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны - 2628 адам.
Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш чаралар уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-22-martta-koronavirus-zhukturuunun-zhay-uchuru-kattalgan-zhok
Добавить комментарий ×