Кыргызстанда 175 медкызматкерге коронавирус жугуп, анын 65и оорудан айыкты

25 апрель 2020 11:10 857 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-апрелге карата бир сутка ичинде 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын баары Бишкек шаарында. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус 175 медициналык кызматкерге жукту.

Министр андан сырткары бүгүнкү күнгө карата 65 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылганын айтты. Алардын ичинен: 22 дарыгер, 28 орто медперсонал, 10 кенже медперсонал жана 5 башка адис. Баары ишине киришкен.

Эске салсак, соңку маалымат боюнча Кыргызстанда 665 кишиге коронавирус жукканы ырасталды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-175-medkyzmatkerge-koronavirus-zhugup-anyn-65i-oorudan-ajykty



Добавить комментарий