Кыргызстанда 156 300 адам жумушсуз

7 апрель 2020 14:43 1066 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эде, жумушсуздук боюнча 300 сомдон жөлөкпул алгандардын саны 155 киши экенин кошумчалады.

Мындан тышкары ай сайын 25 категориядагы жарандар жеңилдиктердин ордуна 1000 сомдон 7000 сомго чейинки өлчөмдөгү акчалай компенсацияларды алышат. Алардын саны 41 миң 200 адам.

 “Мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөт”, - деп комушчалады министр.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-156-300-adam-zhumushsuz



Добавить комментарий