Кыргызстандагы 117 мектеп авариялык абалда

8 август 2020 10:01 908 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебине мектептер курулат. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Республика боюнча, 2019-жылы өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия авариялык мектептер катары тааныган 245 мектептин тизмеси түзүлгөн. Анын ичинен, 117 мектеп авариялык абалда турат жана эч бир тизмеге киргизилген эмес. Калган мектептердин курулуш жана долборлоо иштерин каржылоо республикалык бюджеттин, башка фонддордун жана Бишкек менен Ош мэрия тарабынан жүргүзүүлүдө”, - деп билдирди өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров.

Андан сырткары, Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 15 мектептин кошумча корпустарынын курулушу жүргүзүлүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-117-mektep-avariyalyk-abalda-turat



Добавить комментарий