Кыргызстанда 11-июлдан тартып массалык түрдө эмдөө башталды
Бөлүшүү:
Кыргызстанда 11-июлдан тартып коронавируска каршы массалык түрдө эмдөө башталды. Бул тууралуу брифинг маалында өкмөт башчынын орун басары Жылдыз Бакашова билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Ал 1 млн 312 миң 450 адам эмдөөдөн өтүшү керек экенин билдирди. Булар: дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жаш курагы 65 жаштан жогору адамдар.
“Жашы 18 жаштан жогору ар бир каалоочу эмдөө ала алат”,-деп айтты Бакашова.
Парктарда, скверлерде, соода борборлорунда дагы убактылуу эмдөөчү пункттар ачылууда.
“Кытайдан келген вакцина түнү менен аймактарга жеткирилди”,- деп айтты Бакашова.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-11-iyuldan-tartyp-massalyk-trd-emd-bashtaldy
Добавить комментарий ×