Кыргызстанда 11 адам жынысын алмаштырды

7 октябрь 2019 17:48 3553 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Өлкө боюнча 2018-жылы жана ушул жылдын 7 ай ичинде 11 адам жынысын алмаштырган. Маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сѳз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыл сайын жынысын алмаштыргысы келген адамдардын кайрылуусун Саламаттыкты сактоо кызматынын алдында атайын комиссия карап чыгат. Андан соң алар маалым кат алып, ЗАГСка келип, документтерин которуп кетишет.

Ошондой эле жынысын алмаштырган адамдардын документинде аты-жөнү гана өзгөртүлүп, ал эми жеке идентификациялык номери ошол боюнча калат.

2017-жылы 12 адам жынысын өзгөрткөнү айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-11-adam-zhynysyn-almashtyrdy



Добавить комментарий