Кыргызстанда 10 күндөн бери дайынсыз болгон чет элдик жаран изделүүдѳ

18 октябрь 2019 09:59 1595 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

9-октябрда кечки саат сегиз чамасында Оштон Бишкекке келген бойдон франциялык турист Кариер Флорентина дайынсыз болууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

 Франциялык жыйырма беш жаштагы туристти издөөгө жардам сурап франциялык Пьер аттуу киши кайрылган. Маалыматка караганда кийин дайынсыздын жолдошу К.П. болуп чыкты.

Чет өлкөлүк туристти издөө иштери уланууда. Аны акыркы жолу Ысык-Көл облусунда Бишкек-Балыкчы жолунда көргөндөр бар.

Айрым басылмаларга Кариер аман-эсен табылганын жакындары билдирүүдө. Бирок  расмий маалымат боюнча милиция издөө иштерин улантууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-10-kndn-beri-dajynsyz-bolgon-chet-eldik-zharan-izdeld



Добавить комментарий