Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

10 июль 2020 10:04 1625 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын кээ бир аймактарында катуу жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

10-11-июлда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлүүдө. Кээ бир аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-10-11-zhaan-chachyn-katuu-zhaap-abanyn-temperaturasy-tmndjt



Добавить комментарий