Кыргызстанда 10-11-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт

10 май 2021 11:29 1213 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шашылыш билдиррүү! Кыргызстандын кээ бир аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, 10-майдан 11-майга чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223-231-246-чакырымыдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 199-215-чакырымдары (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 75-85-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кыргызстанда 10-11-майда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 10-майда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 10-майда күндүз жана 11-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, 11-майда Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 

Ошондой эле 10-11-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-10-11-majda-turuksuz-aba-yrajy-ktlt



Добавить комментарий