Кыргызстан жана Тажикстан жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү узартылат

11 октябрь 2018 16:11 1219 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан менен Тажикстан жарандарынын эки өлкөнүн аймагында катталуу мөөнөтү 60 күнгө чейин узартылат. Буга тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште  каралды. 

Сунушталган макулдашуу менен кыргыз жарандарынын Тажикстандын аймагында жана тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында эки тараптын компетенттүү органдарында 60 календардык күн ичинде каттоосуз жүрүү мүмкүндүгү каралган.

Белгилей кетсек,  2018-жылдын 1-февралында Дүйшөмбү шаарында катталуу мөөнөтүн  узартуу боюнча  эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн  ортосунда макулдашууга кол коюлган.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-zhana-tazhikikstan-zharandarynyn-eki-lknn-ajmagynda-kattaluu-mnt-uzartylat



Добавить комментарий