Кыргызстан тышкы карызын 3-4 жылдан кийин төлөйт

23 июль 2020 10:36 964 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен 2020-жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Кыргызстан мамлекеттик тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди.

 15-апрелде «Чоң 20» өлкөлөрүнүн борбордук банктарынын финансы жана башкаруучу министрлери тарабынан «Чоң 20» жана Париж клубу тарабынан кабыл алынган жана Эл аралык валюта фонду менен дүйнөлүк банк тарабынан колдоого алынган жакыр өлкөлөр (Кыргызстан алардын ичине кирет) үчүн карызды тейлөөнү токтотуу демилгеси жактырылган. 

Бул демилгенин алкагында кыргызстан эки жактуу кредиторлордун дарегине тышкы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө расмий кайрылуу жөнөттү. 

Бүгүнкү күндө 2020-жылдагы карызды тейлөө боюнча төлөмдөрдү кийинки 3-4 жылга калтыруу жөнүндө бардык эки тараптуу кредиторлор (Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду,  Франция Республикасы, Германия Федеративдүү Республикасы, Дания Королдугу, Корея Республикасы, Япония) менен макулдашууга жетишилди.

Анын ичинде өлкөбүздүн ири кредиторлорунун бири Кытай менен 2020-жылдын төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Учурда мөөнөтүн узартуу шарттары иштелип чыгууда.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-tyshky-karyzdy-toktotuu-tuuraluu-kajryluu-zhntt



Добавить комментарий