Кыргызстан Россияга кошулабы? Экс-элчи маегинде эмнени айткысы келген

14 сентябрь 2020 16:02 1364 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарда Кыргызстандын Россиядагы экс-элчиси жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын координациялык кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуровдун билдирүүсү талкууланууда. Ал "Правда.ру" басылмасына берген маегинде Кыргызстан Россияга кошулуу мүмкүнчүлүгүн активдүү талкуулап жаткандыгын айтты. Бул тууралуу аталган басылманын сайтына жарыяланган маегине шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Орус басылмасынын журналисти менен болгон маектин башында эле Аттокуров азыр көптөгөн кыргыздар Россияга кошулуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат деп айткан.
"Тарыхый тагдыр бизди чогуу болууну алдын-ала чечип койгон. Биз көп кылымдар бою чогуу болгонбуз. Биздин жалпы тарыхыбыз жана узак убакыт бою келечегибиз бар деп үмүттөнөбүз. Азыр көпчүлүк кыргыздар Россиянын республикаларынын бири болуу үчүн Россия Федерациясына кайрылууну ойлоп жатышат", - деди Аттакуров.

Бирок бул билдирүү чындыкка дал келбейт.
Эскерте кетсек, Кыргызстан эгемендүү мамлекет, ал эми башка өлкөлөрдүн басылмалары мурдагы чиновниктер менен болгон чагымчыл маектерди жайылтууга укугу жок. Кыргыз бийлиги бул маектешүүнү Кыргызстандын эгемендигине шек келтирүү катары баалашы керек. Кыргызстан Россиянын бир бөлүгү болууну көздөбөйт. Жана коомчулук мурунку элчинин жалган билдирүүсүнө гана нааразы болбостон, анын ойлонбой сүйлөгөн сөзүн кескин айыптап жатат.


Мындай сүйлөшүүлөр чындыгында эле Кыргызстанда жүрүп жатабы же жокпу деген суроого мурдагы элчи "ооба, Кыргызстанда болуп жатат" деп жооп берди. "Бул маселени диаспора өкүлдөрү талкууга коюп, карап жатат.  Албетте, муну тез арада жасоого болбойт. Бирок, менин оюмча, муну жасаш керек, анткени жашоо өзү бизди биримдикке түртөт", - деди ал.⠀
"Кыргызстан мурдагы СССРдеги мамлекеттердин арасынан орус тили мамлекеттик, конституциялык тил статусуна ээ болгон жалгыз өлкө", - деп белгиледи.
Анын айтымында, Россияга Кыргызстандан 1 миллиондон ашык эмгек мигранттары келишкен.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-rossiyaga-koshulaby-eks-elchi-maeginde-emneni-ajtkysy-kelgen



Добавить комментарий

  • Я хочу чтобы Кыргызстан и Россия присоединился. И ещё дали бы всем Кыргызстане гражданину двойной гражданство Россия и Кыргызстана. Мы всегда вместе Россию ! Эй Россия , Россия бир боор эне! Мен ондуу тоо кушуна койнун кенен, Чын созду туура айтуудан таймана албайм Биз элбиз, биз жербиз сени менен!
  • Оо Кыргыз Элим эсинер барда Россияга кошулуу чечимин ойлонгула. Кытай менен Америка ээлеп алгыча тезираак Россияга кошулгула. Гуманитардык жардамдарды албагыла. Гуманитардык жардамдарды атайлап берип карызга батырып туруп Кытай Тажикстанга окшотуп Айдап чыгат. Силер билесинер Тажикстандын Элин 2024- жылга чейин жерди бошотуп чыгып кеткиле деп Кытай айтты. Оз жерине ОЗУ ээ боло албай Тажик Эли эмне кылаарын билбей турат азыркы кундо.