Кыргызстан менен Өзбекистандын чек араларында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө байкалды
Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2018-жылдын 8-июнь күнү саат 10:30да Кыргызстан менен Өзбекистандын чек араларында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында 3 баллга, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Добавить комментарий ×