Кыргызстан менен Өзбекистандын чек араларында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө байкалды

8 июня 2018 21:50 1022 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 2018-жылдын 8-июнь күнү саат 10:30да Кыргызстан менен Өзбекистандын чек араларында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында 3 баллга, Орозбеков жана Котур-Булак айылдарында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-zbekistandyn-chek-aralarynda-kch-35-ballga-zhetken-zher-titir-bajkaldy



Добавить комментарий