Футбол: Кыргызстан-Тажикстан беттеши тең чыгуу менен аяктады

14 июнь 2022 23:15 6984 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен Тажикстандын оюнчуларынын беттеши тең чыгуу менен аяктады. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.

Бүгүн, 14-июнда Бишкекте Азия Кубогунун тандоо турунун финалдык беттеши өттү.

Мелдеш 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Бул беттештин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы киргизген жана өткөрүп жиберген голдор арасындагы эң чоң айырмадан улам Тажикстанга утулуп, тайпада 2-орунду ээледи.

Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына чыгышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-menen-tazhikstandyn-kurama-komandalarynyn-betteshi-te-chyguu-menen-ayaktady



Добавить комментарий