Кыргызстан 10 өлкөнүн жарандарына 60 күнгө чейин визасыз кирүү режимин киргизет
Кыргызстан он өлкөнүн жарандарына визасыз 60 күнгө чейин кирүү режимин киргизет. Бул тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 27-ноябрда парламентте талкууланып, комитет тарабынан колдоого алынды.
Сунушталган өлкөлөрдүн тизмеси:
- Румыния
- Болгария
- Кипр
- Аргентина
- Чили
- Черногория
- Андорра
- Бразилия
- Сан-Марино
- Оман
Ошондой эле, Туризм департаменти тарабынан билдирилгендей, визасыз режимдин мөөнөтү 2030-жылга чейин узартылат.
Учурда Кыргызстан менен 45 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар. Жарандар 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат. Туризм департаментинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда өлкөгө визасыз кирген туристтер 40 миңден 113 миңге көбөйгөн. Былтыр визасыз режим менен кирген өлкөлөрдөн 99 миңге жакын турист келген.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-lknn-zharandaryna-60-kng-chejin-vizasyz-kir-rezhimin-kirgizet
Добавить комментарий ×