Бүгүнтөн баштап Казакстанга кирүүнү катаалдаштырган эреже күчүнө кирди

27 январь 2023 10:08 549 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда 27-январдан тарта чет элдиктер үчүн өлкөгө кирүү эрежелери өзгөртүлгөн мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу казак бийлигинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Казак өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна ылайык, өлкөдө болууга виза талап кылбаган чет элдиктер үчүн VISA RUN режими жокко чыгарылды. 

Эми 27-январдан тарта күчүнө кирген жаңы тартипке ылайык, чет элдиктер жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн жарандары Казакстанда 180 күндүк мөөнөт ичинде 90 күндөн ашык эмес жүрө алышат.

Эгер бул мөөнөт өтүп кетсе, өлкөдөн чыгып кеткен чет өлкөлүк жаранга кирүүсүнө тыюу салынат. Убактылуу жашоого уруксаты барларга жаңы эрежелердин таасири тийбейт. 

Казакстан менен визасыз режими бар башка мамлекеттердин жарандары үчүн республикада болуу чеги 30 күндү түзөт.Казакстанда болуу мөөнөтүн узартуу үчүн жашоого уруксат же убактылуу жашоого уруксат (ТРП) алуу керек.  

Казакстандын Эмгек министрлиги 2022-жылдын декабрь айында өлкөдө 298 миң орусиялык бар экенин, анын 30 миңи мыйзамдуу түрдө иштегенин, ошондуктан алар убактылуу каттоого алынганын жарыялаган. Дагы 198 миң россиялык Казакстанды башка мамлекеттерге баруу үчүн транзиттик өлкө катары колдонушкан. Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери Казакстанга 837 миң орусиялык келсе, 780 миңи чыгып кеткен.    

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda



Добавить комментарий