Махабат Мавлянова Кытай туристтерине визасыз режим киргизүүнүн артыкчылыктарын айтты

10 октябрь 2018 10:35 2030 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйнында депутат Махабат Мавлянова буга чейин туристтерге визасыз режим киргизүү боюнча айтылган сөзү боюнча түшүндүрмө берди. Депутат социалдык тармактарда бул демилге башкача өңүттө талкууга түшкөндүгүн айтты.

“Мен 4-октябрда ар кандай маселелерде көтөрүп чыккан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризм тармагындагы өнүктүрүү максатындагы сунушум социалдык тармактарда нукура мааниси бурмаланып, катуу талкууга түштү. Көптөгөн жарандардан негиздүү сунуш, ой пикирлер айтылгандан сырткары сөздөрүм эл эмес, менин жеке өзүмө, өң келбет, абийир, уят, ар-намысыма чейин талкуулашты. Буга чейин деле мамлекеттик кызматтагы адамдарга, жөнөкөй адамдарга карата кээ бирөөлөр кара пиар жасап келишкен. Бирок бул жолу чектен чыгып, кээ бир маданияты жок адамдар сөгүнгөндөн сырткары акчага буйрутма аткарган “фейк” группалар депутаттык мандатымды ыраа көрбөгөн ар кандай чакырыктар карикатураларрды биринин артынан бирин чыгарып, кашыктап чогулткан абийиримди, ар намысымды аброюмду элге кылган ак кызматымды жер менен жексен кылып бир күндө тебелеп жок кылгылары келди”, - деди депутат.

Мавлянова билдиргендей, учурда дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн турситтик топторуна визасыз режим киргизүү туура чечим болмок. Бул атайын келишимдин негизинде турсисттик мекмелер аркылуу ишке ашат.

Учурда дүйнөдө Кытай турситтери саны боюнча биринчи орунда турат. Коңшу өлкөнүн туристтери жылына 50 млрд доллар коротушат. Эгер бул ыкманы Кыргызстан пайдаланса миллиондогон акчалардын агымын Кыргызстанга карата бурууга жол ачылат. Ал эми коопсуздук жагын, тийиштүү мекемелер, укук коргоо органдары камсыз кылышы керек.

“Мен, туризмди өнүктүрүү туралуу оюмду айткам. Албетте, бул сунуш, сөзсүз түрдө, дыкаттык менен изилденип, мамлекеттик коопсуздугу жагынан, чет элдик жарандардын кыймыл-аракеттерин контролдоо маселелери  менен чогуу каралыш керек.

Дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөр Кытай туристтеринин млрддаган акчасын өз өлкөсүнө тартуу үчүн мамлекеттик деңгээлде ар кандай жеңилдетилген шарттарды түзүп, аракетин жасап жатышат.

А биз болсо “Чегирткеден корккон буудай экпейт” демекчи, кээ бир органдардын шалаакы иштеп, паспортторду жасалма жасап, легалдуу эмес миграцияны өрчүтүп, коррупцияга малынган органдардын терс иштеринин кесепетинен ушул туризм рыногун тарта албай олтурабыз. Ушул жогорудагы маселелерди эл айтып корккону да бекер эмес. Ошол мигранттарды жаап жашырып, акчасын жеп жүргөн тиешелуу органдардын кызматкерлердин бетин ачуу керек. Комиссия тузуп, ар бир фактыны беттерине коюп, жоопкерчиликке тартуу керек”, - деди депутат.

Белгилей кетсек, буга чейин депутат Махабат Мавлянованын Жогорку Кеңештин жыйынында Кытайлык туристтерди Кыргызстанга визасыз киргизүү сунушу коомчулукта катуу талкууга алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/mahabat-mavlyanova-kytaj-turistterine-vizasyz-rezhim-kirgiznn-artykchylyktaryn-ajtty



Добавить комментарий