"Кыргызстан Кызыл Жарым Ай" уюму Психикалык стационарга гум жардам көргөздү

27 май 2020 12:41 708 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргызстан Кызыл Жарым Ай” уюму Акыйкатчы аппаратынын өтүнүчүнө жооп берип, Республикалык психикалык саламаттык  борборуна гуманитардык жардам бөлүп берди. Бул тууралуу Кыргызстан Акыйкатчысынын Басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргызстандын Акыйкатчы аппаратынын  Психикалык стационарда жаткан бейтаптардын укугун коргоо кызматы “Кызыл Жарым Ай” уюмуна жабык психикалык мекемелеринде COVID-19 коронавирус пандемиясынын таралышынын алдын алуу / азайтуу максатында, Республикалык психикалык саламаттык борборуна санитардык тазалоо жана жеке коргонуу шаймандар түрүндө мүмкүн болгон жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган болчу.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлеринин өтүнүчүн канааттандырып, “Кыргызстан Кызыл Жарым Ай” уюмунун өкүлдөрү аталган борборго санитайзерлерди, бир жолу колдонулчу беткаптарды, кол каптарды суюк самын жана дезинфекциялоочу каражаттарды жеткиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-kyzyl-zharym-aj-uyumu-psihikalyk-stacionarga-gum-zhardam-krgzd



Добавить комментарий