Кыргызстан Кувейт жана Казакстан менен туруктуу авиакаттамдарын жандандырды
Кыргызстан Кувейт жана Казакстан менен аба каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигине шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин "Jazeera Airways" авиакомпаниясы "Бишкек - Эль-Кувейт" багыты боюнча каттай баштады.
Аталган багыт боюнча каттам аптасына бир жолу - бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.
Ал эми Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамды кайрадан калыбына келтирүү маселеси чечилип, учактар алгач жумасына эки жолу 17-сентябрда каттай баштайт.
«Казакстан менен туруктуу каттам 17-сентябрда ачылат. Астана-Алматы-Бишкек каттамын азырынча жумасына эки жолу деп жатабыз», -деди Жарандык авиация агенттиги.
Ал эми, азырынча Орусия менен туруктуу каттамдарды калыбына келтирүү маселеси чечиле электиги маалым болду.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу март айында чек аралар жабылып, бардык туруктуу авиакаттамдар токтогон. Өкмөт аралык сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана кыргызстандыктарды мекенине жеткирген чартердик каттамдар уюштурулуп жатты.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-kuvejt-zhana-kazakstan-menen-turuktuu-aviakattamdaryn-zhandandyrdy
Добавить комментарий ×