Кыргызстан хаккердик чабуулга көп кабылган өлкөлөрдүн ичинде 5-орунда турат
Кыргызстан дүйнө боюнча хаккердик чабуулга кабылган өлкөлөрдүн катарында 5-орунда турат.Бул тууралуу Интернетти башкаруу боюнча Борбор Азия форумунда Касперский лабораториясынын аймактык мекемесинин коммерциялык директору Валерий Зубанов билдиргенин “Барометр” кабарлайт.
“Биринчи кезекте чабуул коючуларды колдонуучулардын жеке маалыматтары, банк карталары тууралуу маалыматтары кызыктырат. Экинчи кезекте алар каржы жана бизнес-уюмдарына чабуул жасайт. Үчүнчү катарда мамлекеттик мекемелер менен стратегиялык объектилер чабуулга көп кабылат”,-деп айтты директор.
Ошондой эле адистин айтымында, республика зыяндуу программаларды же компьютердик вирустарды жуктуруп алуу боюнча дүйнөдө 12-орунда.
“Көп учурда вирустар түйүн аркылуу эмес, алар жугуп калган флеш-карттар жана башкалар аркылуу таралат”,-деп тактады коммерциялык директор.
Мындан тышкары чабуулчулар мамлекеттик уюмдардын сайттарына бейбаштык менен дагы кол салышат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-hakkerdik-chabuulga-kp-kabylgan-lklrdn-ichinde-5-orunda-turat
Добавить комментарий ×