Кыргызстан боюнча коронавирусту жалпы 2 657 адам жугузду
2020-жылдын 18-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 657 учурга жетти. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык штаб билдирди.
Стационарда – 693, алардын ичинен реанимацияда – 6, ооруканадан чыгарылды – 1 933, каза тапты – 31.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 32 бейтап: Бишкек ш. – 11, Чүй облусу – 12, Ош ш. – 3, Ош облусу – 4, Жалал-Абад облусу – 1, Баткен облусу – 1.
Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр –3 808.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 11 217 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 569 адам жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-boyuncha-koronavirustu-zhalpy-2-657-adam-zhuguzdu
Добавить комментарий ×