Кыргызстан боюнча 67 бейтап коронавирус оорусун жеңди
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бир суткада 13 бейтап ооруканадан чыгып, жалпы республика боюнча оорудан сакайгандар 67 кишиге жеткенин айтты.
“Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып, Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 67 бейтап ооруканадан чыгарылды”, - деди ал.
Үсөнбаев андан сырткары Кыргызстан боюнча обсервацияда 947 адам жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 13-апрелге карата 419 кишиден коронавирус илдети тастыкталган. Анын ичинде 79 дарыгерге дагы оору жуккан.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-boyuncha-67-bejtap-koronavirus-oorusun-zhedi
Добавить комментарий ×