Кыргызстан Белоруссиядан Данияр Үсөновду кармоону талап кылды

11 август 2020 20:13 7769 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 11-августта КРнын Тышкы иштер министрлигине Беларусь Республикасынын Бишкектеги элчилигинин өкүлү чакырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап эл аралык издөөдө жүргөн, Кыргызстандын соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновдун 10-августта мамлекеттик иш-чарада эл алдында жүргөндүгү тууралуу түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

Мындай мамилелер Кыргызстан жана Беларусь мамлекетинин ортосундагы достук мамилеге терс таасир бере турганы элчинин көңүлүн бурду.

КРнын Тышкы иштер министрлиги тиешелүү нотаны тапшыруу менен беларусь тарапты кечиктирилгис чараларды көрүүсү менен тез арада аталган инсанды жана ага тиешеси барларды кармоо жана андан ары экстрадициялоого чакырды.

Эскерте кетсек, Данияр Үсөнов президенттин администрациясын башкарган, 2009-жылдын январынан 2010-жылдын апрелине чейин бийликте Курманбек Бакиев турганда кыргыз өкмөтүн жетектеген. Анда бийликтин күч менен алмашуусунан Бишкекте 84 адам каза болуп, Үсөнов Кыргызстандан чыгып кеткен.

Кийин Кыргызстанда Үсөновго карата кылмыш иши козголуп, ал кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкандыгы жана киши өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2010-жылдын апрель айында Бишкектеги каза болгондордун туугандары Үсөновдун мекенине экстрадицияланышын талап кылышкан.

Белгилей кетсек, качкын премьер-министр Данияр Үсөнов, Минсктеги ЖАКтын башчысы болгондон кийин Данил Урицкийге аты жөнүн алмаштырып, 2018-жылдан тарта Беларусь Республикасына кытайлык инвестицияларын тартып келет.

Ошондой эле, 2018-жылы бизнесмен Урицкий аталган өлкөнүн ММКларына 2013-жылы Данияр Үсөнов каза болгондугу жөнүндө укканын айткан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-belarusiyadan-daniyar-snovdu-karmoonu-talap-kyldy



Добавить комментарий